Кыргызстанда улгайган адамдарга карата мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо кызматынын сапатын жогорулатуу болуп эсептелет.Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, улгайган жарандарга социалдык коргоо төмөндөгү түрдө ишке ашырылат:
– пенсиялар, пенсиялык камсыздоого укугу (эмгек стажы) жок адамдар үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар;
– жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна акчалай компенцация;
– социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө;
– жалгыз жашаган улгайган жарандарга үйүндө социалдык тейлөө;
– медициналык көрсөткүчтөр боюнча кыймылдын жекече каражаттары менен камсыз кылуу жана протездик-ортопеддик кызматтар.
– саламаттык сактоо программасынын алкагында мамлекеттик кепилдиктер медикалык-санитардык жардам жана реаблитациялык кызматтарды түрлөрү менен камсыз кылуу.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 513,1 миң улгайган жаран жашайт, бул республиканын бүтүндөй калкынын 8,0 пайызын түзөт.