1-октябрь Эл аралык карылар күнү министрдин орун басары К.Токтосартов улгайган жарандарга Ардак грамоталарды тапшырды

1-октябрь, Эл аралык карылар күнү “Ден соолук” сейил багында улагайган жарандарга арналган иш-чаранын алкагында министрдин орун басары Камалдин Токтосартов бир нече апаларга Министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.

“Сиздердин тажрыйбаңыздар биз үчүн абдан балуу. Сиздердин акыл-насаатыңыздарга биз ар дайым муктажбыз. Жаш муунга  жол көрсөтүп, үлгү болгонуңуздар үчүн Сиздерге таазим. Эң негизгиси Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр каалайм. Жашооңуздарда кубанычтуу күндөр көп болсун”, – деди Камалдин Токтосартов.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, аралыкты сактоо менен өттү. Улагайган жарандарга кан басымын өлчөп дарыгерлерден кеңеш алуугу мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Пайдалуу
Ссылкалар