Ушул жылдын башынан тарта КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандардан 1272 арыз жана даттануулар түшкөн, анын ичинен 66 электрондук кайрылуулар.
Жарандар төмөнкү суроолор боюнча кайрылышкан:
– мамлекеттик жөлөкпулдарды чегерүү жөнүндө – 196 арыз (15,4%);
– жеңилдиктерди берүү – 145 арыз (11,4%);
– материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү – 392 арыз (30,8%);
– майыптык тобун аныктоо жөнүндө – 50 арыз (3,9%);
– үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөр – 151 арыз (12,0%);
– ДМЧА адамдардын маселелери боюнча – 39 арыз (3,1%);
– укуктук маселелер – 23 арыз (1,8%);
– Эмгек маселеси- 46 арыз (3,6%);
– Ишке орноштуруу – 28 арыз (2,2%);
– кадр маселеси – 51 арыз (4,0%);
– ар кандайлар (угуу аппараттар, социалдык стационардык мекемелерге аныктоо, аймактык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине даттануу, санаторийге жолдомолор, каржылоо маселелери ж.б) – 151 арыз (11,8%).
Каттардын жана арыздардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек ш. – 46,3%, Чүй обл.-18,1%, Ош обл. – 8,7%, Жалал-Абаб обл. – 7,3%, Ысык-Көл обл. – 6,7%, Нарын – 4,8%, Баткен – 4,8%, Талас – 3,3% келип түшкөн.
Ушул жылдын 9 айында министр – 104, статс-катчы – 92, министрдин орун басарлары – 46 жаранды кабыл алган.
Коомдук кабылдама тарабынан 809 жаран кабыл алынган, 392 жарандын маселеси оң жагына чечилген, калгандарына түшүндүрүү берилген.