Ушул жылдын башынан тарта КРнын ЭСӨ Министрлигине жарандардан 1272 арыз жана даттануулар түшкөн

Ушул жылдын башынан тарта КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандардан 1272 арыз жана даттануулар түшкөн, анын ичинен 66 электрондук кайрылуулар.

Жарандар төмөнкү суроолор боюнча кайрылышкан:

–          мамлекеттик жөлөкпулдарды чегерүү жөнүндө – 196 арыз (15,4%);

–          жеңилдиктерди берүү  – 145 арыз (11,4%);

–          материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү – 392 арыз (30,8%);

–          майыптык тобун аныктоо жөнүндө – 50 арыз (3,9%);

–          үй-бүлөлөргө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөр – 151 арыз (12,0%);

–          ДМЧА адамдардын маселелери боюнча – 39 арыз (3,1%);

–          укуктук маселелер – 23 арыз (1,8%);

–          Эмгек маселеси- 46 арыз (3,6%);

–          Ишке орноштуруу – 28 арыз (2,2%);

–          кадр маселеси – 51 арыз (4,0%);

–          ар кандайлар (угуу аппараттар, социалдык стационардык мекемелерге аныктоо,  аймактык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине даттануу,  санаторийге жолдомолор, каржылоо маселелери ж.б) – 151 арыз (11,8%).

Каттардын жана арыздардын көпчүлүк бөлүгү  Бишкек ш. – 46,3%, Чүй обл.-18,1%,  Ош обл. – 8,7%, Жалал-Абаб обл. – 7,3%, Ысык-Көл обл. – 6,7%,  Нарын – 4,8%, Баткен – 4,8%, Талас – 3,3% келип түшкөн.

Ушул жылдын 9 айында министр  – 104, статс-катчы – 92, министрдин орун басарлары – 46 жаранды кабыл алган.

Коомдук кабылдама тарабынан 809 жаран кабыл алынган, 392 жарандын маселеси оң жагына чечилген, калгандарына түшүндүрүү берилген.

 

Пайдалуу
Ссылкалар