Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан төлөнгөн бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлдү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан төлөнгөн бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлгөндүгүн Министрлик маалымдайт.

Акчалай төлөмдөрдү жеткирүү кызматтарын эске алуу менен ушул жылдын октябрь айына карата 747605,9 миң сом каржыланган:

Калкка социалдык жардам747 605,9
анын ичинде:  
үй-бүлөгө көмөк 295 012,4
ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар303 760,1
акчалай компенсациялар 81 090,3
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү стипендия526,1
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү стипендияга кошумча1 234,1
сөөк коюга жөлөкпул 1 370,3
кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул33 002,0
2010-жылдын апрель-июнь айларында болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алган КРнын жарандарына бир жолку материалдык жардам104,8
протездөө5 164,5
ай сайын кошумча социалдык жөлөкпул1 831,0
кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар (Аксы окуялары)87,9
балага сүйүнчү24 422,4