Министр Улукбек Кочкоров ушул жылдын октябрь айында акча каражатын өз убагында албай калган социалдык төлөм алуучулардан кечирим сурайт жана мындан ары мындай болбой тургандыгын баса белгилейт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ушул жылдын октябрь айында акча каражатын өз убагында албай калган социалдык төлөм алуучулардан кечирим сурайт жана мындан ары мындай болбой тургандыгын баса белгилейт.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында,  социалдык төлөмдөрдү борборлоштуруу боюнча пилоттук проект өтүүдө. Республиканын 5 районунда: Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Чүй облусунун Кемин районунда, Нарын облусунун Жумгал районунда жана Жалал-Абад шаарында пилоттук долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу октябрь айында социальдык төлөмдөр өз учурунда берилген эмес.

Аталган райондордо октябрь айынан баштап социалдык төлөмдөр накталай эмес төлөмдөргө которулган (“үй-бүлөгө көмөк”, социалдык жөлөкпулдар, жеке ассистенттердин төлөмдөрү, акчалай компенсациялар, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул ж.б.).

“Пилоттук иш-чаранын алкагында банктар менен маалымат алмашуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү “Тундук” тутуму аркылуу жүргүзүлүп, бул социалдык төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун жана даректүүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Автоматташтырылган кызмат коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат, анткени төлөмдөр борбоштурулат”, – дейт Улукбек Кочкоров.

Анын айтмында социалдык төлөмдөрдү борборлоштурулган негизде которуу эмгек жана социалдык өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыктарынын адистеринин ишин оптималдаштырат жана алардын милдеттерин социалдык коргоонун актуалдуу тармактарына бөлүштүрөт (мисалы: турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоону жана колдоону күчөтүү).

 

Пайдалуу
Ссылкалар