Социалдык кызматтарды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча Нарында жыйын өттү

Ушул жылдын 29-30-октябрында Нарын шаарында социалдык кызматтарды киргизүү жана өнүктүрүү, «Багуучу үй-бүлө” кызматын өнүктүрүү, балдар интернаттарын трансформациялоо жана оптимизациялоо, ошондой эле балдардын үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялануусуна багытталган кеңейтилген иш-чара өттү.
Жыйынга КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Кочкор райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунун жана Нарын облусунун 5 районунун адистери катышты.
Иш-чаранын алкагында адистер жаңы социалдык кызматтарды ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Жаңы социалдык кызматтарды пилоттоо Европа Биримдигинин каржылык колдоосу жана ” ҮЙ-БҮЛӨ ТҮРҮНДӨГҮ КАМКОРДУК: турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөр үчүн коомчулук деңгээлинде үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү» долбоорунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Бүгүнкү күндө төмөнкү 5 райондо социалдык кызматтарды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат:
– Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району;
– Ысык-Кол облусунун Жети-Өгүз району;
– Бишкек шаарынын Октябрь району;
– Бишкек шаарынын Биринчи май району;
– Нарын облусунун Кочкор району.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын деңгээлиндеги пилоттук иш-чаралардын алкагында социалдык кызматкерлерден түзүлгөн турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар менен иштөө, жардам көрсөтүүнүн альтернативдүү түрлөрүн иштеп чыгуу, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүү жана турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү, багып алуучу үй-бүлөлөрдү, мигранттардын үй-бүлөлөрүн коштоп жүрүү боюнча үч социалдык кызмат түзүлдү.
Долбоордун материалдык-техникалык колдоосу менен төрт кабинетте оңдоо иштери жүргүзүлүп, 25 ноутбук, 25 МФУ (принтер) жана социалдык кызматтын адистери үчүн кеңсе эмеректери түрүндөгү материалдык-техникалык база өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетчүү жагдай, пилот Нарын облусунун Кочкор районунда ийгиликтүү ишке ашууда. Ал калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн талап кылынган маалыматтарды жана документтерди иштеп чыгуу боюнча убакытты кыскартуу максатында “бирдиктүү терезе” механизмин дагы киргизген.
Пайдалуу
Ссылкалар