КР ЭСӨМ  бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт

КР ЭСӨМ  бош турган административдик кызмат орундарын ээлөөгө ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс жарыялайт 

Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар 

Башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;

4) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;

6) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү;

Билгичтиги:

– компьютерде жана мобилдик түзүлүштөрдө иштөө;

– компьютер жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, электрондук почта  ж.б.);

– чоң маалымат массивдери менен иштөө: жаңы маалыматтарды иштеп чыгуу жана түзүү;

– маалыматтарды берүү;

– оргтехника менен иштөө.

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:

  1. Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүсү;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Билгичтиги:

– компьютерде жана мобилдик түзүлүштөрдө иштөө;

– компьютер жана социалдык тармактарда иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (интернет, электрондук почта ж.б.);

– оргтехника менен иштөө.

Гендердик маселелер боюнча бөлүм

Бөлүм башчы (Б-А) 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – экономикалык, юридикалык, гуманитардык, социалдык илимдер же башкаруу менеджменти.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы 3 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексин;

– Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө”, “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы №443 “2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө” токтомун;

– 18.12.1979-жылдагы Аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясын (CEDAW);

– Адам ресурстарын башкаруу боюнча билим.

– Англис тилин билүү (артыкчылыктуу).

Билгичтиги:

– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүүгө ыкмаларды интеграциялоо жана талдоо, божомол, жалпылоо, мониторинг жана контроль жүргүзүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өзүнүн жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

Көндүмдөр:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (карамагындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, өзүнүн карамагындагыларына мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көрө билүүлөрүн сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

– маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында чыгып сүйлөөнү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Адис (К-Б) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гуманитардык, юридикалык жана же социалдык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдарын;

– чет тилин билүү (артыкчылыктуу)

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикалык иште колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

– командада иштөө.

Көндүмдөр:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди түзүү;
  • жоопкерчиликтин жана демилгелүүлүктүн жогорку деңгээли;
  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • стресске туруктуулугу жана эмоционалдык жактан ийкемдүүлүгү;
  • өзүнүн көз карашынын болушу жана аны жактай билүүсү;
  • өзүн башкаруу жана өзүнө ишенимдүү болуу жөндөмдүүлүгү;
  • ички маданиятынын жогорку деңгээлде болуусу;

–    өзүнүн билимин дайыма өркүндөтүүгө, критиканы кабыл алууга умтулуу;

–    толеранттуулук.

Эмгек башкармалыгы

Жетектөөчү адис (К-А) – 1 шт.бирдик

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим – юридикалык, гуманитардык, экономикалык жана/же социалдык илимдер.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенциясы:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

– Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзамын.

Билгичтиги:

– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

– документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаларга талдоо жүргүзүү жана аларды практикалык иште колдонуу;

– кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

– жарандардын кайрылууларын кароо жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

– командада иштөө;

Көндүмдөр:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Аймактык башкармалыктар: 

Каракол шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги (Г-Б) (1 шт.бирдик).

Кесиптик билимдин деңгээли:

—жогорку билим— экономикалык, юридикалык, гуманитардык, техникалык жана/же башкаруу менеджменти.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

— “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”, “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө”, “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери”, “Кыргыз Республикасынын Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги №216 “Кыргыз Республикасына жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун киргизүү жөнүндө”, 1995-жылдын 28-сентябрындагы №401 “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ишке ашыруу жөнүндө”, 1996-жылдын 31-июлундагы №348 “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу”, 1994-жылдын 22-февралындагы №79 “Кыргыз Республикасынын Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө”, “Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине 9-майга карата ар жылдагы бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдору;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы 469 токтому менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобо.

      Билгичтиги:

– ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдөргө талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контроль жүргүзүү жана аларды чечүүгө ыкмаларды интеграциялоо;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

Көндүмдөр:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (карамагындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, өзүнүн карамагындагыларына мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көрө билүүлөрүн сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

– маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– натыйжалуу мамилелерди куруу;

– ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында чыгып сүйлөөлөрдү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү;

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштик кат жазышууну жүргүзүү.

Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги (Г-Б) (1 шт.бирдик). 

Кесиптик билимдин деңгээли:

—жогорку билим— экономикалык, юридикалык, гуманитардык, техникалык жана/же башкаруу менеджменти.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенциясы:

Билими:

— “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”, “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө”, “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери”, “Кыргыз Республикасынын Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-апрелиндеги №216 “Кыргыз Республикасына жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторун киргизүү жөнүндө”, 1995-жылдын 28-сентябрындагы №401 “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ишке ашыруу жөнүндө”, 1996-жылдын 31-июлундагы №348 “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу”, 1994-жылдын 22-февралындагы №79 “Кыргыз Республикасынын Чернобыль катастрофасынын кесепетинен жапа чеккен граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө”, “Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине 9-майга карата ар жылдагы бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдору;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-июлундагы 469 токтому менен бекитилген Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобо.

      Билгичтиги:

– ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдөргө талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг, контроль жүргүзүү жана аларды чечүүгө ыкмаларды интеграциялоо;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;

– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Көндүмдөр:

– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

– түзүмдүк бөлүмдөрдү башкаруу (карамагындагылардын ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүү, өзүнүн карамагындагыларына мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көрө билүүлөрүн сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

– маалыматты талдоо, системалоо жана жалпылоо;

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

– натыйжалуу мамилелерди куруу;

– ишкердик этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында чыгып сүйлөөлөрдү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү;

– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштик кат жазышууну жүргүзүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1.Жеке арызы;

  1. Сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы (3х4);
  2. Автобиография (соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымат көрсөтүү менен);
  3. Резюме;
  4. Паспорттун же өзүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспортунун же ким экендигин аныктаган документинин түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6.Керектүү кесиптик билими, иш стажы жана квалификациясы жөнүндө тастыктоочу (нотариалдык жактан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими тууралуу документтеринин, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам берүү жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү);

  1. Документтер ылдам тиккичте (скоросшиватель) Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215 (Киев көчөсү менен кесилишет), 2-кабат, №204 кабинет дареги боюнча 2020-жылдын 12 ноябрь күнү саат 18:00го чейин тапшырылышы керек.

Кошумча маалыматты 663685 телефону же www.mlsp.gov.kg. сайты боюнча алуу болот.

Пайдалуу
Ссылкалар