Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча турмуштук оор кырдаалда кабылган 2829 бала аныкталып, анын ичинен 1673 турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган

Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча турмуштук оор кырдаалда кабылган 2829 бала аныкталды, анын ичинен 1673 турмуштук оор кырдаалдан чыгарылган. Бул туралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү Министрлиги маалымдайт.

Ошондой эле, ушул мезгилде турмуштук оор кырдаалга кабылган 909 үй-бүлө аныкталып, анын 455 үй-бүлө оор кырдаалдан чыгарылган.

Үй-бүлөлүк тарбыянын өзгөчө маанилүү экенин эске алуу менен, Министрлик тарабынан ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды жана жетим балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасын өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет. 2020-жылдын 1-октябрына карата 63 бала кабыл алуучу үй-бүлөдө тарбия алууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы  №319-р буйругун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн улуттук кампаниянын жүрүшүндө 698 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышты. Белгиленгендей, документтештирилген балдардын ичинен 95 үйдө төрөлгөн, алардын туулгандыгы тууралуу медициналык справкасы жок, ата-энесинин өзүндө документтери жок балдар, ата-энелери чет өлкөлүк жарандар болгон балдар.

Быйыл туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 910 бала аныкталып, анын 420 сы тиешелүү документ менен камсыздалган.

Пайдалуу
Ссылкалар