«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын 10 айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 10 айында 119178 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 390 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 4731 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 884 же 18,7% жаш балдардан, ал эми 3847 же 81,3% чоң адамдардан). Анын ичинен 3800 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 521 абонентке психологиялык консультация берилди, 410 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

4731 чалуунун  ичинен эркектерден – 1087 (же 22,9%), аялдардан – 3644 (же 77,1%), балдардан– 884: анын ичинен эркек балдардан – 260 (же 29,4%), кыздардан- 624 (же 70,6 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 1199; 

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 1080;

– социалдык жардам сурап – 492;

– психологиялык жабырлануудан – 396;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 234;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 241;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 228;

– ар кандай суроолор менен – 200;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 178;

– медициналык камсыздоо боюнча – 163;

-мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО        кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 107;

– билим берүү системасы боюнча – 101;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу- 91;

– суицид боюнча – 17;

– мектептеги рэкет тууралуу – 4.

114447 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсүн талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

410 кабарланган билдирүүнүн ичинен 330 же 80,5% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  70 же 17,1% – ички иштер органдарына, 4 же 1,0% – саламаттыкты сактоо органдарына, билим берүү системасына – 1 же 0,2%, 5 же 1,2%  башка уюмдарга жөнөтүлдү.

 Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –  1915 (же  40,5%);

– Чуй облусунан – 709  (же 15,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 463 (же 9,8%);

– Ош облусунан – 321 (же 6,8%);

– Ош шаарынан – 260 (же 5,5%);

 – Ысык-Көл облусунан – 265 (же 5,6%);

– Баткен облусунан – 156 (же 3,3%);

– Талас облусунан – 114 (же 2,4%);

– анонимдерден – 401 (же 8,4%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 118 абонентке телефон аркылуу борбордун кызматкерлери консультация берген, 6 факты анык болуп, 20 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 1 факты боюнча ата – энесине кылмыш иши козголгон, 1 психологиялык зомбулук көрсөткөн факт аныкталып, баланын атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, абонент милицияга арыз менен кайрылган.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 16 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

– 50 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан жашаган жерине барып, изилденип чыгып, каттого алынды;

55 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

7 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 жашы жете элек бала табылып, балдар Борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 кайрылуу боюнча РШСӨБ кызматкерлеринин жардамы менен абонентке баласы менен жолугууга жардам көрсөтүлдү.

2 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

1 үй-бүлөгө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул чектелди.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 12 факт боюнча 1 факт тастыкталаган эмес, РШИИБ  кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөткөн адамдар менен профилактикалык иш чара өткөрүлдү, 2 үй-бүлө каттоого алынды, 2 аялга убактылуу коргоо ордери берилди, 1 аял РИИБ арыз менен кайрылды.

1 аял баласы менен Кризистик борборго жайгаштырылды.

1 бала убактылуу ооруканага жайгаштырылды.

Беловодскийдеги балдар психикалык ССМ кызматкерине болгон арыз текшерилди.

2 абонентке демөөрчүлөр тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

4 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

1 абонентке электр жарыгын коштурганга жардам берилди.

2019 – жылдын 10 айы (1523 чалуу) менен 2020 – жылдын 10 айын салыштырганда, чалуулардын саны 3,1 эсеге көбөйгөн. Чалуулардын көбөйүшүнүн себеби, 2020 – жылдын 22 – мартынан тартып республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоого байланыштуу өзгөчө кырдаал жана 25- мартынан өзгөчө абал киргизилгендиктен, ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана соцтарамактар аркылуу балдардын психологиясы, мээримдүү тарбиялоо, үй – бүлөнүн бейпилдигин сактоо тууралуу мааалыматтарды жайылтуу болгон. 

Пайдалуу
Ссылкалар