«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын ноябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8 – 15- ноябрына  чейин 2444  телефондон кайрылуу (же бир суткада 349 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 59 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 19 же 32,2 % жаш балдардан, ал эми 40 же 67,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 44 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

59 чалуунун ичинен эркектерден – 20 (же 33,9 %), аялдардан – 39 (же 66,1%), алардын ичинен балдардан – 19: эркек балдардан – 8 (же 42,1%), кыздардан – 11 (же 57,9%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын       мамилелери тууралуу – 14;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 14;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– социалдык жардам сурап – 5;

– медициналык камсыздоо боюнча – 5;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– суицид тууралуу кайрылуу – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 1.

2385 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 27 (же 45,8 %);

– Чуй облусунан – 7 (же 11,9 %);

– Ысык – Көл облусунан – 3 (же 5,1%);

– Нарын облусунан – 3 (же 5,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 2 (же 3,4%);

– Ош шаарынан – 1 (же 1,7 %);

– Ош облусунан – 1 (же 1,7 %);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,7 %);

– Талас облусунан – 1 (же 1,7 %);

– анонимдерден – 13 (же 22,0%).