Манасчы Рысбай Исаков Манас эпосу тууралуу айтып берди

“Манас” эпосун кыргыз элинин маданий мурасы катары элге жайылтуу максатында белгилүү манасчы Рысбай Исаков “Манас таануу” аттуу темада Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерине лекция окуду. Иш-чарага Министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев, министрдин орун басарлары: Ализа Солтонбекова, Самаган Асанов катышып, ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Манасчы Рысбай Исаков: “Ушу тапта “Манас” деп кыйкырганыбыз менен керек болсо бийлик башындагылар тереңин мындай коелу, эпостогу каармандардын аттарын укканы менен өздөрүн жакшы билбейт экен. Кыргыздардын муну билбей турганы уят. Жер-жерлерди кыдырганда көрүп калып жатабыз, ак сакал карыяларыбыздын Манас тууралуу маалыматы жок. Демек, кыргыз бүгүнкү күндө Манасы жок тарбияланып жатыптыр”, – деп  кызматкерлерди “Манас” эпосун угууга күнүнө 10-15 мүнөт бөлүп туруусуна чакырды.

Манасчынын бул сөзүн улай статс-катчы Каныбек Адиев “Манас” эпосун балдарга бала бакчадан окутууну баштоо зарылдыгы тууралуу токтолуп, «Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы, аны бир гана адабият айдыңында кароого болбой тургандыгын, анда тарых, этнопедагогика, улуттук медицина, улуттук армия, тышкы саясат, төкмөчүлүк, мамлекеттик башкаруунун ыкмалары камтылгандыгын белгилеп өттү.

Эске салсак, 2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген. Бул күнү “Манас” эпосунун үчилтигин ЮНЕСКО гана тааныбастан, бүткүл дүйнө жүзү тааныгандыктан, 2015-жылдын 27-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №259 токтому менен 4-декабрь  “Манас күнү” деп өлкөбүздө белгиленген.

Министрлик бул иш-чараны демилгелеген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана манасчы Рысбай Исаковго ыраазычылык билдирет.

Пайдалуу
Ссылкалар