«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын ноябрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 15 – 22- ноябрына  чейин 2043  телефондон кайрылуу (же бир суткада 291 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 44 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 16 же 36,4% жаш балдардан, ал эми 28 же 63,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 32 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун ичинен эркектерден – 6 (же 13,6 %), аялдардан – 38 (же 86,4%), алардын ичинен балдардан – 16: эркек балдардан – 3 (же 18,8%), кыздардан – 13 (же 81,2%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын       мамилелери тууралуу – 9;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 6;

– социалдык жардам сурап – 5;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

1999 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу аймактык органдардан маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 41,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 11,4%);

– Чуй облусунан – 4 (же 9,1 %);

– Ысык – Көл облусунан – 3 (же 6,8%);

– Ош шаарынан – 3 (же 6,8 %);

– Ош облусунан – 2 (же 4,5 %);

– Талас облусунан – 1 (же 2,3 %);

– анонимдерден – 8 (же 18,1%).