Ысык-Көл облусунда социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жумушчу кеӊешмеси болуп өттү

Ысык-Көл облусунда социалдык кызматтарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу жумушчу кеӊешмеси болуп өттү.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Тоӊ райондук жана Каракол шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана Нарын облусунун Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери жер-жерлерде социалдык кызматтарды киргизүү боюнча тажрыйбалары менен  бөлүшүштү.

Министрдин орун басары катышчуулардын алдында сүйлөп жатып, Нарын облусунун Кочкор районунда пилоттоштуруу ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын, ошондой эле  калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн керектүү маалыматтарды жана документтерди иштеп чыгууга байланышкан убактылуу чыгымдарды кыскартуу максатында, «бирдиктүү терезе» механизминин киргизилгендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал багып алуучу үй-бүлөлөрдүн институтун бекемдөөгө багытталган жигердүү иштер улантылып жаткандыгын айтып өттү.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча 35 багып алуучу үй-бүлөдө турмуштук оор кырдаалда турган 63 бала тарбияланууда. Багып алган үй-бүлөлөр ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоодо интернат тибиндеги балдар мекемелерине альтернатива болуп эсептелет. Багып алуучу үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо ай сайын мамлекет тарабынан каржыланат»,- деп билдирди.

Жумушчу кеӊешменин жүрүшүндө министрдин орун басары Ализа Солтонбекова Министрликтин райондук башкармалыктарында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенгова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраев, «SOS Кыргызстандагы балдар айылынын» директору Лира Джураева да катышты.

Жаӊы социалдык кызматтарды пилоттоштуруу «ҮЙ-БҮЛӨ ТҮРҮНДӨГҮ КАМКОРДУК: турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөр үчүн коомчулук деңгээлинде үй-бүлөнү бекемдөөгө  багытталган социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү» долбоорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

 

Пайдалуу
Ссылкалар