Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Кыргыз Республикасында көз карандысыз маалымат мейкиндигин, сөз эркиндигин биргелешип бекемдөө боюнча катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүн түзүүгө багытталган “Ачык жамааттар – Ачык ЖМК” медиа форумуна катышты.
Панелдик талкууда ал министрликтин социалдык маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган маалыматтык ресурстар жөнүндө айтты. Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында түзүлгөн порталдарда кененирээк токтолуп, министрликтин веб-сайтынын артыкчылыктарын айтып берди.