“Тең мүмкүнчүлүктөр” социалдык борбору гуманитардык жардам көрсөттү

700 аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөөлөргө, улгайган жана майыптыгы бар адамдарга азык-түлүк топтому жана жеке коргонуу каражаттары тапшырылды.

Ошондой эле, Бишкек шаарында иштеген 84 социалдык кызматкерлерге коргоочу костюмдар, тазалоочу каражаттар, медициналык маскалар жана азык-түлүк топтомдору берилди.

Гуманитардык жардамды “Тең мүмкүнчүлүктөр” социалдык борбору көрсөттү. Мындан тышкары, аталган борбор улгайган адамдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга мобилдик тиркемелерди колдонууну, компьютердик сабаттуулукту үйрөтүүдө, угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орношуусуна жардам көрсөтүүдө.

Пайдалуу
Ссылкалар