«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын ноябрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын ноябрында  9389 телефондон кайрылуу (же бир суткада 312 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 235  абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган анын ичинен 78 (же 33,2%) жаш балдардан, ал эми 157 (же 66,8%) чоң адамдардан түшкөн. Аны ичинен 178 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 32 абонентке психологиялык консультация берилди, 25 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

235 чалуунун  ичинен эркектерден – 68 (же 29,0%), аялдардан – 167 (же 71,0%), балдардан–78: анын ичинен эркек балдардан –24 (же 30,8%), кыздардан – 54 (же 69,2 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу –52;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап –39; 

– социалдык жардам сурап –31;

– психологиялык жабырлануудан –21;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –19;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу –14;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат –14;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу –13;

– медициналык камсыздоо боюнча –7;

 – мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип –6;

– билим берүү системасы боюнча –6;

– ар кандай суроолор менен –6;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу –5;

–  суицид тууралуу кайрылуу –2.

9154 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 92 (же 39,1 %);

– Чуй облусунан –23 (же 9,8 %);

– Ысык-Көл облусунан – 19 (же 8,1 %);

– Жалал-Абад облусунан – 15 (же 6,4%);

– Ош шаарынан – 10 (же 4,3 %);

– Ош облусунан – 9 (же 3,8%);

– Нарын облусунан – 7 (же 3,0 %);

– Талас облусунан – 6 (2,5 %);

– Баткен облусунан – 3 (же 1,3 %);

– анонимдерден – 51 (же 21,7 %).

Пайдалуу
Ссылкалар