«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 1 – 8- декабрына чейин  2345  телефондон кайрылуу (же бир суткада 335 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 48 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 17 же 35,4% жаш балдардан, ал эми 31 же 64,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 37 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 5 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

48 чалуунун ичинен эркектерден – 14 (же 32,0 %), аялдардан – 34 (же 68,0%), алардын ичинен балдардан – 17: эркек балдардан – 7 (же 29,2%), кыздардан – 34 (же 70,8%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын       мамилелери тууралуу – 8;

– социалдык жардам сурап – 8;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 7;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

– медициналык камсыздоо тууралуу- 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– суицид тууралуу кайрылуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

2297 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 17 (же 35,4%);

– Чуй облусунан – 4 (же 8,3 %);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (же 6,2%);

– Ош шаарынан – 2 (же 4,2%);

– Ысык – Көл облусунан – 2 (же 4,2%);

– Ош облусунан – 1 (же 2,1%);

– Нарын облусунан- 1 (же 2,1%);

– анонимдерден – 18 (же 37,5%).