Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова “Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын Ассамблеясынын” башкы директору Мади Мохамед Абделлатиф Ахмед менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр, карантин учурунда ассамблея муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөткөнүн белгиледи. Өзчөгө азык-түлүк түрүндө берилген гуманитардык жардамды өлкө боюнча 14000 үй-бүлө алышкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында “Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын Ассамблеясынын” жетекчиси Мади Мохамед Абделлатиф Ахмед калктын аярлуу катмарын колдоого багытталган иш-чаралар улантыраалын айтты.