«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 8 – 15 – декабрына чейин 2056  телефондон кайрылуу (же бир суткада 293 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 67 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 19 же 28,4 % жаш балдардан, ал эми 48 же 71,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 53 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

67 чалуунун ичинен эркектерден –15 (же 22,4 %), аялдардан – 52 (же 77,6%), алардын ичинен балдардан –19: эркек балдардан – 6 (же 31,6%), кыздардан – 13 (же 68,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 10;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын       мамилелери тууралуу – 9;

– психологиялык жабырлануудан –7;

– ар кандай суроолор менен – 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– үй–бүлөлүк мамилелер жана чыр–чатактар тууралуу – 3;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– суицид тууралуу кайрылуу-1.

1989 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 27 (же 40,3%);

– Чуй облусунан – 10 (же 14,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 10,4%);

– Ош облусунан – 4 (же 6,0%)

– Талас облусунан – 2 (же 3,0%);

– Баткен облусунан- 1 (же 1,5%);

– анонимдерден – 16 (же 23,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар