Өгөй атасы тарабынан зомбулукка кабылган жашы жете элек кыз өз апасына барды

Токмок шаарындагы өгөй атасы тараптан 15-жаштагы кызга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөндүгү тууралуу ММКда таркатылган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылдын 29-декабрында жашы жетпеген өспүрүм Психикалык ден соолуктун республикалык борборунан чыккандыгын  маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 5-январындагы адвокат Ш. Абдыкапаровдун Психикалык ден соолуктун республикалык борборунан чыккандан киийн жашы жетпеген кызды социалдык кызматкерлер өгөй атасынын энесине  тапшыргандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Жашы жетпеген өспүрүм өз каалоосу менен жана  энесинин макулдугу боюнча кыз убактылуу үй-бүлө тибиндеги үйгө жайгаштырылган. Бирок      2020-жылдын 4-январында кыз өз үйүнө, апасына кеткиси келгендигин билдирген.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 43-беренесине ылайык, 10 жаш куракка толгон балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого (асырап алууга), камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө жайгаштыруу алардын макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

Жашы жетпеген өспүрүмдүн биологиялык энесине кайтуу тууралуу каалоосун эске алып,  ошондой эле энеси кызына өзү тарбия берүүсү боюнча билдирүүсүнүн негизинде, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы баланы апасы менен бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Бүгүнкү күндө кыз өз үй-бүлөсүндө, үй-бүлө социалдык жана медициналык коштоодо. Ошондой эле, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тергөө иш-чараларында баланын кызыкчылыгын коргоодо.

Кыздын айтымында, жашы жетпен өспүрүмдүн учурдагы абалына жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыгуусу, ошондой эле башка адамдардын активдүү кийлигишүүсү анын психологиялык абалын бузуп жаткандыгы белгиленди.

Ушуга байланыштуу, Министрлик жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата ырайымсыз мамиле көрсөтүү боюнча материалдарды чагылдырууда, айрыкча сексуалдык зомбулукка кабылган жашы жетпегендер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана башка адамдардан баланын жана анын үй-бүлөсүнүн психологиялык абалын, ошондой эле келечекте баланын өнүгүшү жана интеграциясы үчүн терс кесепеттерин эске алууну өтүнөт.

Бүгүнкү күндө Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө бул факт боюнча тергөө иш чаралары улантылууда.

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар