«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2020 – жылдын декабрь айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020 – жылдын 22 – декабрынан 2021 – жылдын 1- январына чейин  2768  телефондон кайрылуу (же бир суткада 276 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 80 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 27 же 33,7% жаш балдардан, ал эми 53 же 66,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 60 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 15 абонентке психологиялык консультация берилди, 5 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

80 чалуунун ичинен эркектерден – 22 (же 27,5 %), аялдардан – 58 (же 72,5%), алардын ичинен балдардан – 27: эркек балдардан – 9 (же 33,3%), кыздардан – 18 (же 66,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 13;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 11;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 9;

– социалдык жардам сурап – 9;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 8;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 7;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 5;

– ар кандай суроолор менен – 4;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу -2

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 1.

2688 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 22,5%);

– Чуй облусунан – 15 (же 18,8 %);

– Ош облусунан – 9 (же 11,3%);

– Жалал-Абад облусунан – 5 (же 6,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 3,7%);

– Ош шаарынан – 3 (же 3,7%);

– Баткен облусунан – 2 (же 2,5%);

– Нарын облусунан- 1 (же 1,3%);

– анонимдерден – 24 (же 30,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар