Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду (КӨФ) аркылуу кыска мөөнөттүү курстар

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду (КӨФ) аркылуу кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу

КӨФ уюму деген эмне, ал качан жана эмне үчүн түзүлгөн?

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) Азия Өнүктүрүү Банкынын эл аралык долбоорунун алкагында 2016-жылдын аягында түзүлгөн.

КӨФдүн негизги максаты – калктын кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүдө керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле кыска убакыттын ичинде жумушчуларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш берүүчүлөргө жардам берүү. КӨФ эмгек рыногунда жумушчуларга болгон муктаждыкты азайтуу, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жумуш менен камсыз кылуу максатында иш берүүчүлөрдүн сурамдарына жана инвестициялык долбоорлорго тезинен жооп берүүгө багытталган.

КӨФдүн өткөн мезгилинин ичинде анда иштелип чыккан механизмдер жана окутуу жол-жоболору сыноодон өткөрүлүп, өлкөнүн бардык кызыкдар жактары, иш берүүчүлөрү жана билим берүү мекемелери менен өз ара байланыш түзүлдү. Келечекте КӨФ жумушчуларды кайрадан окутуу (квалификациясын жогорулатуу) процессине жумуш берүүчүлөрдүн буйругу менен дагы, ар бир адам үчүн да өзгөчө көңүл бурууну пландаштырууда, анткени өзгөрүлүп жаткан шарттар жана өндүрүш технологиялары кесипкөй жумушчулардын квалификациясын жогорулатууну талап кылат.

Ушул 4 жылдын ичинде эмне жасалды?

Ушул мезгилде КӨФ аркылуу 22 794 адам окутулган, анын ичинде. Өлкөнүн бардык аймактарында 780 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Жумуш берүүчүлөр тарабынан курстарга берилген буйрутмалардын үлүшү 55% ды түзсө, 45% жеке абитуриенттер болгон. Курстарга катышуу 97%, жумушка орношуу 75%, аялдардын гендердик курамы 47% түздү.

Бүгүнкү күндө КӨФ өлкөнүн бардык аймактарындагы 86 билим берүү мекемелери (кесиптик лицейлер, колледждер, жеке билим берүү борборлору) менен кызматташып, 130дан ашуун суроо-талапка ээ кесиптер боюнча окутуу жана кайра даярдоо (квалификациясын жогорулатуу) кызматтарын көрсөтүшөт.

КӨФдүн кыска мөөнөттүү курстарына кимдер катыша алат?

КӨФдүн алкагында 16 жаштан 63 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар үчүн жана жумуш берүүчүлөрдүн буйрутмасы боюнча, паспорту бар, бирок катталган жерине карабастан (1ден 4,5 айга чейин) курстар уюштурулат.

КӨФ курстарына катышуу үчүн эмне керек, алар кандай өтөт, курстардын баасы?

Биринчи кезекте, кесибиңизди жана кайсы аймакта окууну кааласаңыз, ошону чечишиңиз керек. Андан кийин башкы кеңсеге же региондордогу аймактык координаторлорго кайрылып, сизге берилген анкета толтуруп, паспортуңуздун көчүрмөсүн жана 1 (бир) сүрөтүн (3×4 см) тапшырыңыз.

Бул адистик боюнча окуу тобу түзүлгөндөн кийин, КӨФдүн кызматкерлери сизге кабарлап, окутууну баштоого чакырат. Бул учурда курстардын убактысы жана өткөрүү мөөнөттөрү (мисалы, түшкө чейин же түштөн кийин) боюнча макулдашууга болот. Окутуу бекитилген окуу планына ылайык, модулдарда, теориялык жана практикалык сабактарда, курстун аягындагы квалификациялык экзамен менен өтөт. Курсту аяктагандан кийин сертификат берилет.

Окутуунун наркына окуу – чыгашалоо материалдары, сертификаттын наркы (жатакана жана жол чыгымдары төлөнбөйт) кирет. Курстардын баасы адистикке жана курстардын узактыгына жараша болот жана жалпы курс үчүн 3000-7000 сомго чейин өзгөрүлөт.

КӨФдүн келечеги?

КӨФди андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 13-ноябрындагы N 550 токтомун кабыл алган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду түзүлгөн. КӨФ жумуш берүүчүлөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, инвестициялык долбоорлордун, тармактык ассоциациялардын жана башка адамдардын буйрутмасы боюнча курстарды уюштурууну сунуш кылат.       Ошондой эле, КӨФ жумушсуз жарандарды жана жумушсуздарды окутуу жаатында республиканын бардык аймактарында жумуш менен камсыз кылуу кызматтары менен тыгыз кызматташат деп пландалууда.

КӨФ жөнүндө көбүрөөк маалыматты кайдан алсам болот?

Кошумча маалымат алуу үчүн КӨФ веб-сайтынан: frn.kesip.kg, анда КӨФдүн жол-жоболору жана функциялары, билим берүү мекемелеринин аймактар боюнча тизмелери, кесиптердин аттары, прейскуранттар, шарттар, КӨФ кызматкерлеринин байланыш маалыматтары жана башкалар толугу менен камтылган.

Пайдалуу
Ссылкалар