Кош бойлуулук жана төрөт боюнча төлөмдөрдүн жол-жобосу тууралуу маалымат

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кимге чектелет?

 

  • Иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган иштеп жаткан аялдарга, буйрук же келишим менен катталган (мындан ары-кызматкер);
  • Жеке ишкерлерге (мындан ары-ЖИ);
  • Юридикалык жакты түзбөстөн ишкердикти жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрүнө (мындан ары-ДФЧ мүчөлөрү);.
  • Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдарга (мындан ары- расмий жумушсуз).

Иш берүүчү менен эмгек мамилелерде турбаган, ошондой эле иштебеген адамдар кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укугу жок.

Негизги документтер – паспорт;

 эмгеке жарамсыздык баракчасы.

Кошумча документтер Кызматкерлер үчун – Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга төлөнгөн чыгымдарды кайтарып алуу боюнча өтүнмөнү, аймактык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына берет

ЖИ үчүн – салык органы тарабынан берилген патенттин көчүрмөсү (патенттин негизинде иштеген жарандар үчүн) же каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

ДФЧнын мүчөлөрү үчүн:

– салык органы тарабынан берилген каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

– жер үлүшүн/ участогун  пайдалануу/ижарага алуу укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

Расмий жумушсуздар үчүн – жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугун тастыктоочу маалымкат. Мында арыз берүүчүдөн жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугун тастыктоочу маалымкат талап кылынбайт.

Жумушсуз катары учетко алынганда, Эмгек рыногунун маалымат тутумуна (ЭРМТ) киргизилген маалымат, автономдук режимде Корпоративдик социалдык жардам тутумуна (КСЖТ)транспорттолонот.

Жерди белекке алган учурда, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жер үлүшүн белекке берүү жөнүндө келишим.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул аялга кандай мөөнөткө (календарлык күнгө) берилет?

 

КР-нын Эмгек кодексинин 307-беренесине ылайык алардын арызы боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, жөлөкпул төлөп берүү менен берилет:

Өрөөндү зоналарда, б.а. тоолуу эмес шартта жашагап жана иштеген аялдарга:

-ойдогудай төрөттүн учурунда 126 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 56);

-татаал төрөт жана эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда – 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70).

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген аялдарга:

-ойдогудай төрөттүн учурунда 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 70);

-татаал төрөт учурунда – 156 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 86);

-эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда – 180 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 жана төрөттөн кийин 110).

Иштеген жерине карабастан бала асырап алган кызаматкерлерге бала асырап алган күндөн баштап 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, ал эми эки же андан көп баланы бир мезгилде асырап алууда алар төрөлгөн болгон күндөн баштап 110 календардык күнгө берилет.

Жөлөкпулдун өлчөмү кандай аныкталат? Өрөөндү зоналарда иштеген аялдарга – алгачкы 10 жумушчу күн үчүн – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө, 11- жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.

Бийик тоолуу алыскы, жетүүгө кыйын болгон зоналарда иштеген аялдарга бардык иш күндөрү үчүн, б.а. биринчи он жумушчу күнү үчүн жана 11-чи иш күнүнөн тартып – эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө.

Жеке ишкерлерге, ДФЧ мүчөлөрүнө жана расмий жумушсуздарга – 11 жумушчу күндөн тартып – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө.

Эсептик көрсөткүч деген эмне? Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтому менен бекитилген кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөөдө колдонулган эсептик көрсөткүч 100 сомду түзөт.
Жөлөкпулду каржылоо булактары – биринчи он иш күнү үчүн – иш берүүчүнүн өз каражатынын (кирешесинин) эсебинен;

– он биринчи иш күнүнөн тартып – республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул чектөө үчүн кайсы жакка кайрылуу керек? Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган аялдар – негизги иштеген жери боюнча;

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында:

  • – ЖИге;
  • – ДФЧнын мүчөлөрүнө;

– расмий жумушсуздарга жүргүзүлөт.

Жөлөкпул чектелгенде райондук коэфициент колдонулабы? Эгерде жөлөкпул алуучу тоолуу, райондук коэффициент белгиленген алыскы, жетүүгө кыйын болгон зоналарда жашаса жана иштесе, анда жөлөкпул коэффициентти эске алуу менен чектелет.

Пайдалуу
Ссылкалар