Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки мекемеси жалпы суммасы 145 191 АКШ долларын түзгөн колдоо алышат

Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки мекемеси жалпы суммасы 145 191 АКШ долларын түзгөн колдоо алышат.
Гранттык келишимдерге кол коюу аземи учурунда министр Ализа Солтонбекова Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маэда Сигэки мырзага көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташуу уланаарына ишеним артты.
Аталган долбоордун алкагында Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жалпы суммасы 75 106 АКШ доллар түзгөн медициналык жана лабораториялык шаймандар, эмеректер, линолеум, тиричилик жана өндүрүш шаймандары берилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна жалпы суммасы 70 085 АКШ доллар түзгөн реабилитациялык, медициналык жабдуулар, эмеректер жана тиричилик техникасы, атайын медициналык авто-унаа, линолеум берилет.
Маалымат үчүн: Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу боюнча гранттык программа Кыргыз Республикасында 1996-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын ж.б. аракеттери менен адамдын негизги муктаждыктарын чечүүгө багытталган. Ушул убакыттын ичинде, аталган программанын алкагында Кыргызстанда жалпы суммасы 11 042 411 АКШ доллары түзгөн 163 долбоор ишке ашырылган.
Пайдалуу
Ссылкалар