«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын январь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 15 – 22- январына чейин  1880  телефондон кайрылуу (же бир суткада 268 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 59 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 12 же 20,3% жаш балдардан, ал эми 47 же 79,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 50 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

59 чалуунун ичинен эркектерден – 12 (же 20,3 %), аялдардан – 47 (же 79,7%), алардын ичинен балдардан – 12: эркек балдардан – 3 (же 25,0%), кыздардан – 9 (же 75,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 23;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 10;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилеси тууралуу – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер жанан чыр-чатактар тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин кызматкерлерине, же анын ишине нааразычылык билдирип – 1.

1821 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Тушкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 12 (же 20,3%);

– Чуй облусунан – 11 (же 18,6 %);

– Ысык-Көл облусунан – 9 (же 15,3%);

– Жалал-Абад облусунан – 7 (же 11,8%);

– Ош облусунан – 5 (же 8,5%);

– Баткен облусунан – 2 (же 3,4%);

– Нарын облусунан- 2 (же 3,4%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,7%);

– Ош шаарынан – 1 (же 1,7%);

– анонимдерден – 9 (же 15,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар