«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын январь айынын 4 – жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 22 – январынан 1 – февралына чейин 3292  телефондон кайрылуу (же бир суткада 329 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 98 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 29 же 29,6% жаш балдардан, ал эми 69 же 70,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 77 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 10 абонентке психологиялык консультация берилди, 11 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

98 чалуунун  ичинен эркектерден – 22 (же 22,4%), аялдардан – 76 ( же 77,6%), балдардан– 29: анын ичинен эркек балдардан – 9 (же 31,0%), кыздардан – 20 (же 69,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап -16;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 14;

– социалдык жардам сурап – 11;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 10;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 8;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 6;

– балдарга кайдыгер мамиле жасаган тууралуу -4;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– ар кандай суроолор менен – 3;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2.

  3194 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 39  (же 39,8%);

– Чуй облусунан – 16 (же 16,3%);

– Жалал-Абад облусунан – 10 (же 10,2%);

– Ош шаарынан – 7 (же 7,1%);

– Ош облусунан – 6 (же 6,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 4,1%);

– Талас облусунан – 2 (же 2,0%);

– Нарын облусунан – 1 (же 1,0%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,0%);

– анонимдерден – 12 (же 12,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар