ЭСӨМ 2021-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту, ырайымсыз мамилелерди болтурбоо боюнча Планынын долбоорун талкулоо боюнча коомдук угуу өткөрдү

2021-жылдын 26, 27-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилиги, “Балдардын Укугун Коргоочулардын Лигасы” Коомдук Фондунун техникалык колдоосу менен 2021-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту, ырайымсыз мамилелерди болтурбоо боюнча Планынын долбоорун талкулоо боюнча коомдук угуу өткөрдү.
План төмөнкү бөлүктөрдөн турат: Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, деңгээлин жогорулатуу, балдарга, алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) балдарды колдоо боюнча укуктук билим берүү жана маалыматтык камсыздоо.
Бул онлайн талкулоолорго 160 өкүлдөр катышты:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү;
– шаардык мэриялардын өкүлдөрү;
– аймактык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматтардын, балдарды кароо борборлорунун кызматкерлери, жана ошондой эле зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамилелерден жана кыйноодон жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча суроолор менен атайын алектенген коомдук уюмдардын адистери.
2021-жылдын 10-февралына чейин баардык кызыккан адамдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук почтасына depdeti@mail.ru сунуштарын жиберсе болот, иш-мерчемдин долбоору менен – https://drive.google.com/…/1PC6EcHzeikp37CZpvLUhvMjasDP… ссылкасы аркылуу таанышсаңыздар болот.
Пайдалуу
Ссылкалар