«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын январь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын январында 9417 телефондон кайрылуу (же бир суткада 303 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 276 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 79 же 28,6% жаш балдардан, ал эми 197 же 71,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 218 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 28 абонентке психологиялык консультация берилди, 30 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

276 чалуунун  ичинен эркектерден – 64 (же 23,2%), аялдардан – 212 ( же 76,8%), балдардан– 79: анын ичинен эркек балдардан – 24 (же 30,4%), кыздардан – 55 (же 69,6%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап –54;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 37;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап -35;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 29;

– психологиялык жабырлануудан – 25;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 24;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 20;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 14;

– балдарга кайдыгер мамиле жасаган тууралуу -8;

– медициналык камсыздоо боюнча – 8;

– ар кандай суроолор менен – 8;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 7.

 – билим берүү системасы боюнча – 7.

  9141 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 94  (же 34,1%);

– Чуй облусунан – 46 (же 16,7%);

– Жалал-Абад облусунан – 24 (же 8,7%);

– Ош облусунан –18 (же 6,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 17 (же 6,2%);

– Ош шаарынан – 13 (же 4,7%);

– Талас облусунан – 7 (же 2,5%);

– Нарын облусунан – 5 (же 1,8%);

– Баткен облусунан – 4 (же 1,4%);

– анонимдерден – 48 (же 17,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар