«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын февраль айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8 – февралына 1 – февралына чейин 1845  телефондон кайрылуу (же бир суткада 263 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 52 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 17 же 32,7% жаш балдардан, ал эми 35 же 67,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 34 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 11 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

52 чалуунун  ичинен эркектерден –10 (же 19,2%), аялдардан – 42 ( же 80,8%), балдардан– 17: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 5,9%), кыздардан – 16 (же 94,1%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 10;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап -4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– балдарга кайдыгер мамиле жасаган тууралуу -3;

– билим берүү системасы боюнча – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– медициналык камсыздоо боюнча – 1.

1845 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 20  (же 38,5%);

– Ош облусунан – 7 (же 13,5%);

– Чуй облусунан – 6 (же 11,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 6 (же 11,5%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 3,8%);

– Ош шаарынан – 2 (же 3,8%);

– Нарын облусунан – 2 (же 3,8%);

– Баткен облусунан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 6 (же 11,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар