«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын февраль айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 15 –22 – февралына чейин 1810  телефондон кайрылуу (же бир суткада 258 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 50 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 23 же 46,0% жаш балдардан, ал эми 27 же 54,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 40 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

50 чалуунун  ичинен эркектерден –9 (же 18,0%), аялдардан – 41 (же 82,0%), балдардан– 23: анын ичинен эркек балдардан – 2 (же 8,7%), кыздардан – 21 (же 91,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын     мамилелери тууралуу – 13;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап -8;

– социалдык жардам сурап – 7;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу -6;

 – психологиялык жабырлануудан – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

 – билим берүү системасы боюнча – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– ар кандай суроолор менен – 1.

1760 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 19  (же 38,0%);

– Чүй облусунан – 12 (же 24,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 8,0%);

– Ош шаарынан – 2 (же 4,0%);

– Ош облусунан – 2 (же 4,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 2,0%);

– Нарын облусунан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 9 (же 18,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар