Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесипке багыт берүү борбору ачылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Кесипке багыт берүү борбору ачылды.
«Борбордун ачылышынын үстүндө 3 айдан бери иштеп жатабыз. Модернизациялоо иштерин жүргүзүүдө биз мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыктарын эске алдык. Ошентип, бул жерге пандустар орнотулуп, эшиктер кеңейтилип, жуунучу бөлмө жабдылган. Оңдоо иштеринен тышкары, борбор өз алдынча маалымат издөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн акыркы үлгүдөгү жабдууларды: ноутбуктарды, 3D принтерлерди, маалыматтык киоскту сатып алды. Мындан тышкары, борборго келгендер мотивациялык жана билим берүүчү адабияттарды окуй алышат», – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова.
Борборду модернизациялоо Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тапшырмасы менен, Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылган “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” долбоору менен тыгыз кызматташтыкта мүмкүн болду.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө, ошондой эле жумуш издеп жаткан жаштарга кесипке багыт берүү борборунда натыйжалуу жумушка орношуу боюнча тренингдер жана мастер-класстар өткөрүлүп, иш берүүчүлөр, карьералык өсүшкө жетишкен белгилүү спикерлер менен жолугушуулар уюштурулат.
Оңдолгон борбордо жаштар жана жумуш издеген адамдар төмөнкү кызматтарды ала алышат:
– жаштарга кесиптер дүйнөсү, билим берүү мекемелери, кесиптик карьера мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү;
-кесип тандоо, жумушка орношуу, кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кесиптик кеңеш берүү;
– талап кылынган кесиптерди жана адистиктерди жайылтуу боюнча ишканалар менен өз ара аракеттенүү;
– кесиптик багыт берүү жана кесиптик кеңеш берүү чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктү кеңейтүү.
«GIZдин кызматташтыгы үчүн биз абдан ыраазыбыз. Заманбап дизайн, эң акыркы үлгүдөгү жабдуулар, ошондой эле жумуштагы жаңы жабдуулар мектеп бүтүрүүчүлөрүндө гана эмес, жумушсуз жаштарда дагы чоң кызыгууну жана мотивацияны жаратат деп үмүттөнөбүз», – деп жыйынтыктады Ализа Солтонбекова.
Министрлик жаңыланган борбордун базасында кесиптик багыт берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн аймактык кызматтардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүнү пландаштырууда, 2023-жылдын аягына чейин кесиптик багыттоо жаатында социалдык өнөктөштүк моделинде топтолгон тажрыйба жана билим ушул жол менен бүткүл өлкө боюнча жайылтылат.
Пайдалуу
Ссылкалар