«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын эки (январь – февраль) айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын эки айында 16729  телефондон кайрылуу (же бир суткада 283 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 477 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 149 же 31,2% жаш балдардан, ал эми 328 же 68,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 373 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 52 абонентке психологиялык консультация берилди, 52 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

477 чалуунун  ичинен эркектерден –114 (же 23,9%), аялдардан – 363 (же 76,1%), балдардан– 149: анын ичинен эркек балдардан – 39 (же 26,2%), кыздардан – 110 (же 73,8%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 83; 

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын       мамилелери тууралуу – 75;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап -59;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу -52;

– психологиялык жабырлануудан – 46;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 36;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 27;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 24;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка    мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 17;

– ар кандай суроолор менен – 17;

– балдарга кайдыгер мамиле жасаган тууралуу-16;

– билим берүү системасы боюнча – 13;

– медициналык камсыздоо боюнча – 12. 

16252 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлкеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 178  (же 37,3%);

– Чүй облусунан – 71 (же 14,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 44 (же 9,2%);

– Ош облусунан – 33 (же 6,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 27 (же 5,7%);

– Ош шаарынан – 18 (же 3,8%);

– Нарын облусунан – 11 (же 2,3%);

– Талас облусунан – 7 (же 1,5%);

– Баткен обулусунан- 6 (же 1,2%)

– анонимдерден – 82 (же 17,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар