«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын март айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8-15- мартына чейин 1981 телефондон кайрылуу (же бир суткада 283 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 52 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 14 же 27,0% жаш балдардан, ал эми 38 же 73,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 34 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

52 чалуунун ичинен эркектерден – 14 (же 27,0%), аялдардан – 38 (же 73,0%), алардын ичинен жаш балдардан – 14: эркек балдардан – 4 (же 28,6%), кыздардан – 10 (же 71,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– суицид жөнүндө – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

1929 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 23 (же 44,2%);

– Чуй облусунан – 11 (же 21,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (же 5,8%);

– Ош облусунан – 3 (же 5,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 5,8%);

– Нарын облусунан- 2 (же 3,8%);

– Баткен облусунан – 2 (же 3,8%);

– Талас облусунан-1 (же 2,0%);

– Ош шаарынан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 3 (же 5,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар