Министрлик өнөктөштөр менен биргеликте «Социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүү» темасында вебинар өткөрүүдө

2021-жылдын 23-24-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» КФ Кыргыз Республикасындагы БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду менен өнөктөштүктө «Социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүү» темасында вебинар өткөрүүдө. Вебинар Улуу Британиянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосунда өтүүдө.

Бул вебинардын максаты 16-декабрь, 2020-жыл, №142 Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин (ЭСӨМдүн) буйругу менен бекитилген үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү Нускаманы өздөштүрүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана кыздар үчүн базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык стандартына ылайык жакшыртуу болуп эсептелет. Вебинардын атайын сабагы гендердик зомбулуктун кайчылаш формаларына кабылган аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүнө арналат. Бардык катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылар менен, социалдык жардам көрсөтүү боюнча усулдук окуу куралы менен, ошондой эле ЭСӨМдүн  3-февраль, 2021-жыл, №10 буйругуна ылайык социалдык өнүктүрүү системасында колдонуу үчүн сунуш кылынган видеоматериалдар менен камсыз болушат.

Вебинарды Кыргыз  Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү минстрлигинин үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо боюнча бөлүмдүн адистери, кризистик борбордун психологдору, ошондой эле «ДПИБ» КФ адистери өткөрүшүүдө.

Вебинарга 130 чукул адам катышып, алардын ичинде  үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча органдын жана социалдык өнүктүрүүнүн шаардык, райондук жана райондор аралык башкармалыктарынын  жетекчилери жана адистери, кризистик борборлордун адистери бар. Вебинардын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга сертификат берилет.

 

Пайдалуу
Ссылкалар