«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын апрель айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8-15- апрелине чейин 2286 телефондон кайрылуу (же бир суткада 326 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 49 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 16 же 32,7 % жаш балдардан, ал эми 33 же 67,3% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 31 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

49 чалуунун ичинен эркектерден – 7 (же 14,3%), аялдардан – 42 (же 85,7%), алардын ичинен жаш балдардан – 16: эркек балдардан – 0 (же 0%), кыздардан – 16 (же 100,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– психологиялык жабырлануудан – 10;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 3;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– аркандай суроолор менен – 1.

2237 абонент номерди туура эмес тергенде же жаңылып чалгандар, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын жан башка мекемелерди сурагандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 28,6%);

– Чуй облусунан – 9 (же 18,4%);

– Ош шаарынан – 5 (же 10,2%);

– Ош облусунан – 4 (же 8,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 4 (же 8,1%);

– Нарын облусунан – 3 (же 6,1%);

– Талас облусунан -2 (же 4,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 2 (же 4,1%);

– анонимдерден – 6 (же 12,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар