Бүгүнкү күндө өлкөдө 146 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жашайт

Бүгүнкү күндө өлкөдө 146 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жашайт, алардын ичинен 33 майып, 85 катышуучу, 13 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 15 Ленинграддын блокадачылары. Ошондой эле 1304 ооруктагы эмгекчилери, 2 эмгек армиячылары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 5 үй-бүлөсү.

Тилекке каршы, жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны азаюуда. 2020-жылдын 1-апрелине карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны 241 адам болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 146.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, ооруктагы эмгекчилерин, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу ай сайынкы жана ар жылдык бир жолку төлөмдөр түрүндө жүзөгө ашырылат.

Ай сайынкы төлөмдөр

  • Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияны төмөнкүдөй

өлчөмдө төлөнөт:

– 7000 сомдон Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ошондой эле Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

–  2000 сомдон майыптыгы бар оруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына;

–  1000 сомдон Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы кайратман эмгеги үчүн сыйлыгы бар ооруктун эмгекчилерине.

10 000 сом өлчөмүндө өмүр бою стипендияны Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана Ленинград блокадачылары алышат.

Жыл сайын республикалык бюджеттен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына ардагерлерге 9-майга чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп турат.

  • 9-майга карата бир жолку төлөм

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, ошондой эле Лениград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына – 20 000 сом;

–  Оруктун эмгекчилерине, эмгек армиячыларына, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө – 15 000 cом.

Бүгүнкү күндө Министрлик аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жалпы суммасы 22 млн 782 миң сом бир жолку жөлөкпулдарды төлөө үчүн каржыланды. Бир жолку төлөмдөрдү төлөө башталды.

Акчалай компенсацияларды жана өмүр бою берилүүчү стипендияларды ай сайын төлөө өз убагында жүргүзүлүп жатат.

Пайдалуу
Ссылкалар