
Бул акция министрлик менен “Ассанабил” эл аралык кайрымдуулук фондунун кызматташтыгынын алкагында жүргүзүлдү. Жардамдын жалпы суммасы 7 миллион сомду түздү.
Ализа Солтонбекова биргелешкен кызматташтыктын негизинде социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, анын ичинде жетим, толук жетим балдарга гуманитардык жардамдар дайыма көрсөтүлүп тургандыгын белгилеп өттү.
«Биз көп жылдан бери “Ассанабил” фонду менен иштешип келе жатабыз. Биз мындан ары кызматташтыгыбызды бекемдеп, калктын аялуу катмарына жардам берүү үчүн демөөрчүлөрдү тартабыз», – деди ал.