Кочкор райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы “Балалык институту” коомдук фонду менен биргеликте ушул жылдын 4-майында мамлекеттик социалдык заказдын алкагында турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр үчүн ата-энелердин позитивдүү программасын ишке ашыруу боюнча аймактык кеңешме өткөрдү. Аймактык кеңешмеге райондордун акимдеринин орун басарлары, Нарын облусунун РЭСӨМдүн жетекчилери, ошондой эле РЭСӨМдүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчылары катышты.
Бул программа Кочкор районунда сыноодон өтүп, 200дөн ашык үй-бүлөнү камтыган, сын-пикирлерге ылайык окутуу программасы ата-энелерге оң таасирин тийгизген. Ата-энелерди тарбиялоо боюнча программаны иштеп чыгууда “Балалык институту” коомдук фонду көмөк көрсөткөн.