Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Нурдөөлөт Базарбаев жана Улукбек Бектурганов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттукташты.

Министрдин орун басарлары Лидия Христановна Нарочнованы, Василий Тихонович Ковешниковду, Сагит Сабитович Сабитовду, Токон Мурасалиевичти үйлөрүнө барып куттукташты. Алар каражат салынган конверттерди министр Алымкадыр Бейшеналиевдин атынан тапшырып, ардагерлерди эрдиги жана кайраттулугу үчүн, Мекенге жаркын келечек алып келгендери үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришип, бекем ден-соолук, узак өмүр, тынчтык жана бакубат жашоо каалашты.

Пайдалуу
Ссылкалар