«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын 4 айындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган суроолор – чалуулар журналга катталат, аларга анкета толтурулат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 4 айында (январь – апрель) 36899 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 307 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 946 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 298 же 31,5% жаш балдардан, ал эми 648 же 68,5% чоң адамдардан). Анын ичинен 707 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 132 абонентке психологиялык консультация берилди, 107 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

946 чалуунун  ичинен эркектерден – 234 (же 24,7%), аялдардан – 712 (же 75,3%), балдардан– 298: анын ичинен эркек балдардан – 74 (же 24,8%), кыздардан – 224 (же 75,2 %).

946 кайрылган абоненттердин ичинен көбү 189 чоң адамдар же 19,2% социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптык, жумушсуздук, камкорчусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын төлөө, майыптыгын жана анын тобун кайра карап чыгуу, баланы жана улгайган жаранды социалдык стационардык мекемеге (ССМ) орноштуруу, ССМдеги карантин, үй-бүлө жана балдарды текшерүү, бала асырап алуу, комкордукка алуу, социалдык кызматкерди чакыруу, жөлөкпул алууга банктан эсеп ачуу боюнча кайрылышкан.

Кайрылуулардын экинчи позициясын 122 же 12,9% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери, ата – энеси мене балдардын, туугандары, небереси, классташтары, теңтуштары, мугалим менен өз ара түшүнбөстүктөрү, досу менен мамилесине жана ага кайгыруу, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, клептомания (уурулук кылуу), балага түрткү берүү, балдардын укугу, окуудагы кыйынчылыктар, өзү жөнүндө аңгеме тууралуу чалуулар түшкөн.

122 абонент же 12,9% жардамга муктаж жарандар чалып, гуманитардык, финансылык жардам, убактылуу үй, психолог, юрист, логопед, психиатр, балага туулган тууралуу күбөлүк алуу, адамды, өспүрүм балдарды, жоголгон буюмдарды издөө, жетим балдарга жардам берүү ниети, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

Психологиялык жабырлануудан 120 же 11,5% абонент, алардын ичинен 297 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна таарыныч, стресс, коркуу, жалгыздык, депрессияга кабылуу, күнөөлүү, ишенбөө, тынчсыздануу, сүйгөндүк сезимдери, апатия, чарчоо, комплекстер, ата-энеси, достору, туугандары, өгөй атасы менен чыр–чатактар жана өз ара келишпестиктер, ата – энелер тарабынан баарлашуунун, энелик сүйүүнүн жетишпездиги, куугунтук маниясы, эркинин жетишпестиги, курбусунун өлүмү, суицидалдык ойлор, жыныстык катнашка кызыгуу, ден соолугунун абалы, ИИО кызматкерлерине кармалгандык себеп болгон. 

94 же 10,0% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, туугандары, өгөй энеси, өгөй агасы, мугалим, теңтуштары тарабынан көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 57 же 6,0% абонент чалган. Буларга ата-энеси, кайынэнеси, аял – күйөөлөрү менен өз ара түшүнбөстүктөр жана чыр–чатактар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкардугуна берүү, балдар менен жолугууга болгон тоскоолдук, алимент төлөбөгөндүк себеп болгон.

52 же 5,5% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

41 же 4,3% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (ата – эне, өгөй атасы, күйөөсү, туугандары, кошунасы, досу, никеде турбаган күйөөсү тарабынан).

33 же 3,5% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (РИИБдүн, РЭСӨБтын, МСЭКтин, БҮИТтин,  айыл өкмөттүн, Софонддун, “Шанс” КБ, ЖОЖдын кызматкерлерине, сот аткаруучунун, соттун чечимине, иш берүүчүгө, үйкомитетине).

31 же 3,3% кайрылуу балдарга карата ата – эне, чоң эне, өгөй ата тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

31 же 3,3% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон (электр энергиясын өчүрүп салганы, БҮИТ борборуна чалган өспүрүм кыз тууралуу маалымат, кошуналарга нааразычылык жана чыр–чатактар, ата- энелер комитетинин мүчөсүнө,  батирдин убактылуу жашоочуларын чыгаруу, кошуналарга батирдин жашоочусун чыгаруу, аккаунтунун бузулушу, жеке менчикти ээлеп алгандык, кемсинтүү, өлүм жазасын киргизүү сунушу, эмгек мигранттардын укугунун бузулушу, КР Президентине кайрылуу, ТВдагы балдар берүүлөрү жана маалымат тууралуу, досуна телефон чалып берүү өтүнүчү, соцтармактагы шантаж, орозо тутуу, мүлк бөлүштүрүү,  жол кире төлөмү тууралуу).

Билим берүү системасы боюнча 26 же 2,7% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге жана мектеп администрациясынын ишине арыздануу, аралыктан окуунун кыйынчылыктары, мектептеги талаптар, мектепке, бала бакчага орноштуруу тууралуу билдирген.

23 же 2,4% абонент медициналык камсыз кылуу (ден соолугунун көйгөйү, доктурга арыздануу, бейтапканага, РПДСБ жайгаштыруу, өспүрүм кыздын боюнун өсүшү, карантин жөнүндө маалымат, тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

3 же 0,3% суицид  тууралуу кайрылган.

2 абонент же 0,2% мектептеги рэкет тууралуу кабарлаган.

35943 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

107 кабарланган билдирүүнүн ичинен 88 же 82,2% – райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына (РШЭСӨБ) жөнөтүлдү,  19 же 17,8% – ички иштер органдарына жөнөтүлгөн.

    Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн 946 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –329 (же 34,8%;

– Чуй облусунан –155 (же 16,4%);

– Жалал – Абад облусунан –  80 (же 8,4%);

– Ысык – Көл облусунан – 66 (же 7,0%);

– Ош облусунан – 56 (же 6,0 %);

– Ош шаарынан – 41 (же 4,3%);

– Нарын облусунан –25 (же 2,6%);

– Талас облусунан – 18 (же 1,9%);

– Баткен облусунан – 17 (же 1,8%);

– анонимдерден – 159 (же 16,8%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылуулар боюнча 5 факты анык болуп, 2 үй-бүлө каттоо алынды. 1 бала психологдун консультациясына жөнөтүлдү, 1 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, реабилитациялык борборго убактылуу жайгаштырылды, 1 бала энесине кайтарылып берилди. 19 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 1 кайрылуу боюнча факты аныкталган, ал эми 7 факты аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

8 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

9 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

1 үй-бүлөнүн балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул чектелди.

1 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

1 өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилди.

Батирде турган жашоочуллллларгы үй ээси тарабынан коркутуу 1 фактысы аныкталаган жок.

Балдарга карата кайдыгер мамиле жасаган ичкилик ичкен аял тууралуу 1 факты аныкталган жок.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 4 кайрылуу тастыкталаган эмес, райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

4 факты боюнча аялдар РШИИБ  арыз менен кайрылуудан баш тартышты, 4 факты боюнча РШИИБ кызматкерлери тарабынан үй-бүлө менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү.

2020 – жылдын 4 айы (2440 чалуу) менен 2020 – жылдын 4 айын салыштырганда, чалуулардын саны 2,5 эсе азайган. Чалуулардын азайышынын себеби, республиканын аймагында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу гуманитардык, финансылык жана башка жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары жокко эсе болгон. Бирок быйыл 2020-жылдын 4 ай мезгилине караганда, телефон аркылуу абоненттерге берилген консультациялардын убактысынын көбөйгөнү байкалып турат.