«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июнь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1–8 – июнуна чейин 2247 телефондон кайрылуу (же бир суткада 321 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 55 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 22 же 40,0% жаш балдардан, ал эми 33 же 60,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 45 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 4 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

55 чалуунун  ичинен эркектерден –18 (же 32,7%), аялдардан – 37 (же 67,3%), балдардан– 22: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 13,6%), кыздардан – 19 (же 86,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

  • социалдык жардам сурап – 11;
  • финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап – 8;
  • балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 7;
  • психологиялык жабырлануудан – 6;
  • БҮИТ борбору жөнүндө маалымат -6;
  • балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;
  • аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;
  • медициналык камсыздоо боюнча – 3;
  • мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;
  • билим берүү системасы боюнча – 2;
  • ар кандай суроолор менен- 1.

2192 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 12 (же 21,8%);

 Ысык-Көл облусунан – 8 (же 14,5%);

Талас облусунан – 5  (же 9,1%);

Жалал-Абад облусунан – 4  (же 7,3%); 

Ош облусунан – 4 (же 7,3 %)

 Ош шаарынан – 3  (же 5,5%);

 Чүй облусунан – 2 (же 3,6%); 

 Нарын облусунан – 2 (же 3,6%);

Баткен облусунан-2  (же 3,6 %);

анонимдерден –  13 (же 23,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар