«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июнь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 8 – 15 – июнуна чейин 1899  телефондон кайрылуу (же бир суткада 271 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 65 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 25 же 38,5% жаш балдардан, ал эми 40 же 61,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 50 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 7 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

65 чалуунун  ичинен эркектерден – 15 (же 23,1%), аялдардан – 50 (же 76,9%), балдардан – 25: анын ичинен эркек балдардан – 4 (же 16,0%), кыздардан – 21 (же 84,0%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 11;

– финансылык, юридикалык жанан башка жардам сурап – 10;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 9;

– психикалык жабырлануудан – 8;

– социалдык жардам сурап – 8;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 3;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– ар кандай суроолор менен – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1.

1834 абонент номерди туура эмес тергендер, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 27 (же 41,5%);

– Чүй облусунан – 9 (же 13,8%);

– Жалал-Абад облусунан – 4 (же 6,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 4,6%);

– Ош шаарынан – 3 (же 4,6%);

– Ош облусунан – 3 (же 4,6%);       

– Баткен облусунан – 3 (же 4,6%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,6%);

– анонимдерден – 12 (же 18,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар