«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июнь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 15 – 22 – июнуна чейин 1867  телефондон кайрылуу (же бир суткада 266 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 47 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 14 же 29,8% жаш балдардан, ал эми 33 же 70,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 27 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 7 абонентке психологиялык консультация берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

47 чалуунун  ичинен эркектерден – 8 (же 17,0%), аялдардан – 39 (же 83,0%), балдардан – 14: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 7,1%), кыздардан – 13 (же 92,9%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 13;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 9;

– психикалык жабырлануудан – 5;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– финансылык, юридикалык жанан башка жардам сурап – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 2;

– ар кандай суроолор менен – 1.

1820 абонент номерди туура эмес тергендер, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 15 (же 32,0%);

– Чүй облусунан – 12 (же 25,5%);

– Баткен облусунан – 3 (же 6,4%);

– Ош шаарынан – 3 (же 6,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 2 (же 4,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 4,2%);

– Ош облусунан – 2 (же 4,2%);       

– Нарын облусунан – 2 (же 4,2%);

– анонимдерден – 6 (же 12,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар