«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июль айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 1–8 – июлуна чейин 1700 телефондон кайрылуу (же бир суткада 242 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 44 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 19 же 43,2% жаш балдардан, ал эми 25 же 56,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 30 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 8 абонентке психологиялык консультация берилди, 6 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун  ичинен эркектерден –10 (же 22,7%), аялдардан – 34 (же 77,3%), балдардан– 19: анын ичинен эркек балдардан – 5 (же 26,3%), кыздардан – 14 (же 73,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 9;

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 7;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 6;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат -1; 

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1.

1656 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 22 (же 50,0%);

Чүй облусунан – 7 (же 16,0%); 

Ош облусунан – 4 (же 9,0 %)

Ош шаарынан – 3  (же 6,8%);

Жалал-Абад облусунан – 1  (же 2,3%); 

Ысык-Көл облусунан – 1 (же 2,3%);

анонимдерден –  6 (же 13,6%).