«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын июль айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2021 – жылдын 15-22- июлуна чейин 2026 телефондон кайрылуу (же бир суткада 289 чалуу түшкөн).

Анын ичинен 44 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 14 же 31,8% жаш балдардан, ал эми 30 же 68,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 29 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 3 абонентке психологиялык консультация берилди, 12 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун  ичинен эркектерден –14 (же 31,8%), аялдардан – 30 (же 68,2%), балдардан– 14: анын ичинен эркек балдардан – 4 (же 28,6%), кыздардан – 10 (же 71,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 11;

балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 5;

– социалдык жардам сурап – 4;

– финансылык, юридикалык  жана башка жардам сурап – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

 – мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 3;

– ар кандай суроолор боюнча – 3;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат -2; 

– медициналык камсыздоо боюнча – 1;

– билим берүү системасы боюнча – 1.

1982 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Бишкек шаарынан – 21 (же 47,8%);

 Чүй облусунан – 4 (же 9,1%); 

Ош облусунан – 4 (же 9,1 %)

Жалал-Абад облусунан – 3  (же 6,8%);

Ош шаарынан – 2  (же 4,5%);

Ысык-Көл облусунан – 2 (же 4,5%);

Баткен облусунан – 2 (же 4,5%)

Талас облусунан – 1 (же 2,3%)

 анонимдерден –  5  (же 11,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар