«Теӊдик нуру» демилгесинин пилоттук жамааттары зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп жатышат

«Теӊдик нуру» демилгесинин пилоттук жамааттары зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды иштеп жатышат
2021-жылдын 21-июлунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ички иштер министрлиги жана КФ «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин «Теӊдик нуру» биргелешкен демилгесин ишке ашыруу максатында, «Зомбулуктан жабыр тарткан аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөр жана ведомстволор аралык координациялоо» семинар-жыйынын өткөрүштү.
Семинар жыйындын максаты, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен Планды иштеп чыгуу болуп эсептелет. Семинар жыйындын программасы саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана ички иштер органдары тарабынан зомбулукка кабылган аялдар жана кыздар үчүн базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин жана стандарттарын түшүнө билүүнү жакшыртууга багытталган темаларды камтыйт.
Катышуучулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана практикалык ишмердүүлүктөрү менен таанышышат, андан кийин жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү жана аялдар менен кыздардын муктаждыктарын эске алуу менен ар бир айылдык аймак үчүн пландардын долбоорлорун иштеп чыгышат.
Мындай семинар-жыйындар Чүй (10-11-август) жана Нарын (17-август) облустарында өткөрүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар