Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын мекемелерин аккредитациялоо боюнча комиссия иш баштады

2021-жылдын 5-августунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары жетектеген Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды кароо жана күнү-түнү тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү менчиктин бардык түрүндөгү интернат тибиндеги балдар мекемелерин аккредитациялоо боюнча комиссия, Комиссиянын төрагасы Ализа Солтонбекова өзүнүн биринчи жыйынын өткөрдү, анда “Нур Булак”  үй-бүлөлүк типтеги үйүнөн жана Кызыл Жарым Ай коомунун Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн Балдар үйүнөн алынган материалдар каралды.

Кароо учурунда комиссия мүчөлөрүнө аккредитация алгысы келген балдар мекемелеринин шарттарын карап чыгуу сунушталды.

Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды багуу жана күнү-түнү тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүчү менчиктин бардык түрүндөгү интернаттардын аккредитациясын жүргүзүү үчүн, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен Аккредитациялоо комиссиясы түзүлгөн. Комиссияга балдарды коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер, экологиялык жана техникалык коопсуздук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген.

 

Интернат тибиндеги балдар мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, кызмат көрсөткон социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аккредитациялоо күбөлүгүнө ээ мекеме белгиленген талаптарга ылайык, электр энергиясына тарифти электр транспорту үчүн аныкталган деңгээлде, 1 кВт саат үчүн 1, 48 сом өлчөмүндө белгилөө менен аларды керектөөчүлөрдүн өзүнчө категориясына бөлүүнү карайт. (салыктарды эске албаганда).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы No 516 токтому менен бекитилген, менчиктин түрүнө карабастан, бала багуу ишин жүзөгө ашыруучу интернат тибиндеги балдар мекемелерин аккредитациялоо жөнүндө жобого ылайык, аккредитациялоочу субъекттер – аккредитациялоо жол -жобосунун милдеттүү өтүшү.

Пайдалуу
Ссылкалар