Базар-Коргон районунда 42 ДМЧ жарандарга эс алуу уюштурулду

2021-жылдын 17-август күнү Базар-Коргон райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы  «Бирдиктүү багыт майыптар ассоциациясы»  менен бирге ден-соолугунун мүмкунчүлүгү чектелген 42 жаранды Арстанбап пансионатында бир күндүк эс алуу уюштурулду.

Базар-Коргон районунан 22,Сузак районунан 18 жана Ноокен районунан 2 жаран эс алып келишти.

Райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы  «Ханнс Зайдель Фондунун»,  «Кызыл Ай Коому»,  «Бирдиктүү багыт майыптар ассоциациясы»  менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү боюнча биргеликте иш алып барылууда.

2019-жылдын 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата, 200 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусунда  “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери” аттуу микро семинар болуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өздөрүнүн жеке умтулуусу, аракети, талыкпас эмгеги менен жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, иш-чара концерт сый тамак менен коштолгон.

Улуттук Кызыл Ай Коому ар дайым жардамга муктаж жарандарга кол сунуу менен бирге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бирдиктүү багыт менен биргеликте 2019-жылы 10 тигүү кыска мөөнөтүү окуу курс уюштурулган.

2020-жылдын майып балдарды баккан район боюнча 10 ата-энени тигүү курсуна Кызыл Ай Коому тарабынан окутулду.

2020-жыл ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2 атуулга бирдиктүү багыт майыптар ассоциациясы жана Кызыл Ай коому тарабынан гуманитардык жардам катары коляска алынып берилген.

 

Пайдалуу
Ссылкалар