“Өнөрлүү айымдар” долбоору!

Жалгыз бой жашаган, жумушсуз жесир аялдарга колдоо көрсөтүү максатында “Ассанабил” ККФсу Кувейт мамлекетиндеги Шейх Абдулла Нури уйумунун демөөрчүлүгү астында “өнөрлүү айымдар” долбоорун ишке киргизүүдө.
Көп балалуу, жалгыз бой энелердин үй-бүлөсүнө туруктуу киреше алып келүү максатында тигүүчүлүккө жөндөмү бар айымдарга атайын бир айлык курс уйуштурулуп ар бир бүтүрүүчүгө сертификат менен тигүүчү машиналар белекке берилет.
Долбоордун ачылуу аземи саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, “Ассанабил” ККФнун мүдүрү Мохаммед Али Абделькарим мырзанын жана саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын катышуусунда өттү.
“Ассанабил фонду көптөгөн жылдар бою жесир аялдарга, жалгыз бой энелерге жардам көргөзүп келет. Аларды атайын курстарга окутуп, бүтүрүүчүлөргө тигүүчү машинелерди белекке беришип, киреше тапканга мүмкүнчүлүк түзүп жатышат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнуктурүү министрлиги “Ассанабил” фонду менен тыгыз иштешип келебиз. Бул фонддун колдоосу менен жалпы республика боюнча 120 жерге медициналык клиникалар курулуп муниципалдык менчик кызматына өткөрүлүп берилген”,- деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.
Бул долбоорго 100 айым катышат. Алардын 70не түз тигүүчү машина ал эми 30на 5жиптүү машиналар берилет. Мындан сырткары ар бирине 10м кездеме жана керектүү болгон шаймандары дагы кошо камсыздандырылат.
Программага катышкан ар бир айым өз алдынча тигүүчүлүк менен алектенип келчекте үй-бүлөсүнө туруктуу киреше табуусуна шарт түзүлөт.
Пайдалуу
Ссылкалар